ИЛЛЮСТРАЦИЯ
ИЛЛЮСТРА́ЦИЯ (лат. illustratio – чагылдыруу, көрсөтмөлүү сүрөттөө) – 1) көрсөтмө мисалдардын жардамы м-н түшүндүрүү; 2) текстти коштогон ж-а толуктаган сүрөт (чийме, гравюра, репродукция, карта, схема ж. б.); 3) адабий ж-а илимий чыгармаларды көркөм сүрөт м-н баяндаган искусство тармагы. Гезит-журналда да иллюстрация – көрсөтмөлүү үгүт-насыят каражаты. Биринчи иллюстрация – байыркы кол жазмалардагы сүрөттөр, орто кылымдагы миниатюралар. 15-кылымдан басма китептер адегенде жыгачка, кийин металл бетине түшүрүлгөн гравюра м-н иллюстрациялана баштаган. Иллюстрациянын жапырт таралышына 19-кылымда жыгач бетине оюлуп жасалчу гравюранын, литографиянын, айрыкча фотомеханикалык сүрөттүн (репродукциянын) чыгарылышы өбөлгө болду. Иллюстрация боюнча көптөгөн залкар живописчилер ж-а графиктер эмгектенген. Мисалы, Германияда Х. Хольбейн, А. Дюрер, А. Менцель; Францияда О. Фрагонар, Э. Делакруа, Т. Стейнлен; АКШда Р. Кент; Россияда Ф. П. Толстой, А. А. Агин, В. Ф. Тилем, И. Е. Репин, М. А. Врубель ж. б. СССРде




1 9 2 0 - ж ы л д а р ы иллюстрацияда ксилография ө нү к к ө н, фотомонтаждын жаралышы, плакаттын элементтеринин пайда болуш мезгили башталган. 1930 – 50-жылдары советтик мезгилдин иллюстрациясы айрым учурда (бурчтук же карандаш сүрөтү, литография) станок графикасына жакындашкан. 20-кылымдын ортосу ж-а 21-кылымдын башында иллюстрацияда көптөгөн белгилүү сүрөтчүлөр Ю. А. Васнецов, С. В. Герасимов, Кукриниксы, И. Е. Репин, М. А. Врубель ж. б. китеп иллюстрациялоонун чеберлери болгон. Кыргызстанда китеп маданияты 1950–60-жылдары өнүгө баштаган. Сүрөтчүлөр Л. Ильина, Н. Ефременко, А. Михалев, А. Осташев, В. А. Фаворский, Б. Жумабаев, Т. Герцен, В. Рогачов, А. Сгибнев, Ю. Ким, А. Турумбеков, А. Шубин китеп графикасында үзүрлүү эмгектенишип, эпикалык ж-а балдарга арналган чыгармаларды, кыргыз жазуучуларынын китептерин жогорку көркөмдүктө иллюстрациялашкан. 1980–2010-жылдарда китеп иллюстрациялоо ишине сүрөтчүлөр С. Жамгырчиев, К. Коёналиев, Р. Исаков, З. Мидинова, Б. Жайчыбеков, А. Касымалиев, У. Осмоев ж. б. келишти.
Ад.: Гончаров А. Д. Художник и книга. М., 1964; Искусство книги. М., 1960–1987. Вып. 1–10; Художники киргизской книги. Ф., 1972.