ИЛИМ
ИЛИМ – адамзат ишмердигинин чындык жөнүндөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теориялык жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө жөнүндөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык институттардын бири. Илим миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. Илимдин башкы максаты – болмуштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын ала көргөзүш. Илим практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-аракеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон практика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал катары пайдаланса, Илимде билим – иштин максаты, натыйжасы. Илимдин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Искусство элеске (образга), дин ишенимге таянса, илим термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Илим билимдин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шумер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары илим байыркы Грекияда б. з. ч. 6-кылымда түптөлгөн. Билим практиканын же ритуалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Адегенде далилдүү, ойлонулган билимдердин баары биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада илим өзгөчө бааланып, 17-кылымда көптөгөн илимий төңкөрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара илим коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айланды. Тарых жолунда илим билимдер топтолуп отуруп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. Илимдин орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ойлоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңыланышы, алмашышы, байышы м-н байланышкан. Илим тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. Илим табигый, техникалык ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым илимий изилдөөлөр дисциплина аралык, комплекстүү негизде жүргүзүлөт. Илимий фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченемдерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билимдерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Илимий билимдер теориялык ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. Илимдин өзүнө мүнөздүү философиялык ж-а методологиялык маселелери болот. Ал эми илимди ар тараптан изилдеген тармак илим таануу деп аталат. Илимдин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. Илимдин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыттары калыптанган. Негизинен цивилизациянын өнүгүшүн илимсиз элестетүү мүмкүн эмес.
Ж. Бөкөшов.