ИЛЕ АЛА-ТООСУ
ИЛЕ АЛА-ТООСУ – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 мге жакын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 м. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуушарланган ж-а метаморфизмделип, гранитке

өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Протерозой м-н палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит ж-а сиениттердин массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек ж-а чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик ж-а кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокуларын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң км2). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түштүгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары башталат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 м бийикке), талаа (900–1900 м), токой-шалбаалуу талаа (1400–2800 м), шалбаалуу субальп (2500– 3100 м), шалбаалуу альп (3100–3500 м) ж-а гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алматы шаары орун алган.