ИЛГЕРИ ҮМҮТ ТУМШУГУ
ИЛГЕРИ ҮМҮТ ТУМШУГУ Африканын түштүгүндө (34°21′ түштүк кеңдик м-н 18°30′ чыгыш узундукта). Тумшукта 1488-жылы португал деңиз саякатчысы Б. Диаш алгачкы жолу болуп, Бороонду тумшугу (португалча – Cabo das Tormen- tas) деп атаган, бирок португал король Жуан II келерки жылы бул жерден Индияга жетүүгө үмүттөнүп, Илгери үмүт тумшугу деп атын өзгөрткөн.