ИЙҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙҮҮ м а т е м а т и к а д а – бетти өзгөртүү же деформациялоо; мында ал бетке жүргүзүлгөн ар бир сызыктын жаасынын узундугу, ошондой эле бетте жайгашкан бурчтун чоңдугу м-н фигуранын аянты да өзгөрбөйт. Мисалы, бир барак кагаз ци­линдр же конус түрүндө оролгондо (чоюлбас кагаз), анда кагаздын бетиндеги сызыктар өзгөрбөйт. Бетти ийүү – дифференциал геометрия­сынын негизги маселеси. Анын бири – Гаусс теоремасы. Азыркы дифференциал геометрия­сында ар түрдүү беттерди ийүү мүмкүн же мүмкүн эместигин изилдөө негизги орунду ээлейт. Ар бир туюк томпок беттин (мисалы, толук сфера, бүтүн эллипсоид) ийилбестиги далилденген; эгер мындай беттен мүмкүн болушунча кичине бө­лүгүн кесип алсак, анда калган бөлүгү ийи­лиши мүмкүн. Евклид мейкиндигинде беттерди ийүү беттерди кичине аянтка ийүү ж-а толук бетте бүтүндөй ийүү болуп бөлүнөт.