ИЙРИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИЛИК – ийри сызыктын (беттин) түз сы­зыктан (тегиздиктен) четтешин мүнөздөөчү чоң­дук. Кандайдыр бир объектинин (ийри сызык, бет, риман мейкиндиги ж. б.) ага туура келүүчү объектиден (түз сызык, тегиздик, евклид мей­киндиги ж. б.) четтөө касиетин мүнөздөөчү бир катар сандык мүнөздөмөлөрдүн (вектордук, тензордук) жалпы аталышы. Айлананын ийрилиги k =1/R , башкача айтканда айлананын радиусуна тескери чоң­дук. Ийриликке тескери R чоңдугу адатта ийри сы­зыктын берилген чекитинде ийрилик радиусу деп ата­лат. Ийрилик түшүнүгү – азыркы кездеги дифферен­циал геометриясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Ийрилик түрдүү табигый илимдерде да колдону­лат. Айрыкча физикада мааниси чоң.