ИЙКЕМДҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ӨНДҮРҮШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 15 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙКЕМДҮҮ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ӨНДҮРҮШ – өзүн-өзү түзөп, жөндөөчү татаал технологиялык комплекс. Бул комплекс – өндүрүштүк, маалымат ж-а байланыш системаларын кам­тыйт. Ийкемдүүлүк – өндүрүштүн жаңы үлгүдөгү, сапаттуу, продукция чыгарууга болгон жөндөм­дүүлүгү. Мындай жөндөмдүүлүктүн негизинде – ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш системасынын архитектурасы робот техникаларынын ком­плекстеринин базасынын негизинде түзүлөт; жергиликтүү (локалдык) эсептөөчү тармактар, өзгөчө алгоритмдик, программалык жабдуу иш­ке ашырылат. Ийкемдүү автоматташтырылган өндүрүш системасынын негизги бөлүгүн робот техникаларынын комплекси (РТК) түзөт. РТК-информациялык ж-а автоматикалык башкаруу системаларынан, технологиялык жабдуулардан, мани­пуляциялык ж-а унаа каражаттарынан турат. РТКда автоматикалык башкаруу системасы, технологиялык системанын иштөөсүн программалоо ж-а башкаруу үчүн кызмат кылат.