ИЗОЦИАНАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОЦИАНАТТАР – изоциан кислотасынын эфири, жалпы формуласы RN=C=O. Мында R – алифат­тык, ароматтуу, алкилароматтуу же гетероцикл­дүү радикалдар. Изоцианаттар – суюктуктар же балкып эрүү­чү катуу, өтө уулуу заттар. Химиялык жактан изоцианаттар – начар негиздер. Көбүнчө аларга нуклеофилдүү кошулуу мүнөздүү. Электрон-акцептордук орун алмашуучулар анын реакцияга жөндөмдүүлүгүн көбөйтөт, ал эми электрон-донордук орун алма­шуучулар аны азайтат. Спирттер м-н уретандар­ды пайда кылат: RN=C=O + R OH→RNHCOOR′. Фенолдор ж-а тиолдор спирттердей эле реак­цияга кирет. Изоцианаттар аминдер м-н жеңил аракетте­нишип, мочевинаны пайда кылат: RN=C=O+R′→ → NH2R′ RNHCONHR. Изоцианаттардын суу м-н аракет­тенишүүсүнөн тиешелүү карбамин кислотасы алынып, ал СО2 ж-а аминге ажырайт: RN=C=O+ +H2O R′ RNHCOOH R′ RNH2 + CO2. Өнөр жайда изоцианаттар аминдердин ашыкча фосген м-н реакцияга ки­ришинен алынат: RNH2 + COCl2 R′ RN=C=O ++2HCl; изоцианаттар полиуретандарды, уретан каучукта­рын, желимдерди, лак-боёкторду алууда, пес­тициддерди, карбамин кислотасынын туундуларын ж. б. синтездөөдө колдонулат.