ИЗОХОРА ПРОЦЕССИ
ИЗОХО́РА ПРОЦЕССИ – туруктуу көлөмдөгү физикалык системада өтүүчү термодинамикалык процесс. Ал термодинамикалык абал диаграммасында изохора сызыгы м-н көрсөтүлөт. Газда ж-а суюктукта изохора поцессин ишке ашыруу үчүн алар көлөмү өзгөрбөгөн жылчыксыз идишке жайгаштырылат. Термодинамиканын 1-закону (Q=∆U+P∆V) боюнча изохора поцессиинде механикалык жумуш аткарылбайт (жумуш А= p∆V; V=const; ∆V=0). Ички энергия ∆Uнун өзгөрүшү жалгыз гана жылуулукту (∆Q) жутуу же чыгаруу м-н коштолот. Газдын (суюктуктун) температурасы өзгөрсө, анын басымы да өзгөрөт (Шарль закону). Реалдуу газ үчүн Шарль закону аткарылбайт, себеби газга берилген жылуулуктун бир бөлүгү бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү энергиясын жогорулатуу үчүн жумшалат. Катуу нерседе изохора поцессин ишке ашыруу техникалык жактан татаал, себеби алар өтө аз кысылат ж-а кеңейет.