ИЗОХИНОЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОХИНОЛИ́Н , б е н з о п и р и д и н, С9Н7N – ароматтуу бирикме, бадам жыттуу гигроскоп­туу кристалл. Эрүү t 26,5°С, кайноо t 243,5°С. Изохинолин муздак сууда начар, органикалык эриткичтерде жак­шы эрийт. Изохинолин хинолинге караганда күчтүүрөөк негиз. Аны Pt катышуусунда гидрлегенде 1, 2, 3, 4 тетрагидрохинолинге, толук гидрлегенде цис­декагидро-изохинолинге айланат. Суюк же газ фазада, мисалы, О3 ж-а О2 аралашмасы м-н окис­тендиргенде, пиридин 3, 4-дикарбон ж-а фталь кислоталары пайда болот. Электрофилдүү реагент­тер 5-көмүртектин атомундагы суутек м-н орун алмашат. Изохинолинди бромдоо AlCl3 катышуусунда, нитрлөө HNO3 ж-а H2SO4 аралашмасынын таа­сири алдында жүрөт. Нуклеофилдүү орун алма­шуу көбүнчө 1-абалда өтөт. Изохинолин таш көмүр чайы­рынын дистилляциясынан алынат. Боёкторду (мисалы, изохинолиндүү кызыл) ж-а дары-дармек­терди синтездөөдө баштапкы зат.