ИЗОТЕРМА
ИЗОТЕ́РМА (изо... ж-а гр. thtrmē – жылуулук) – термодинамикалык абал диаграммасында изотерма процессин аныктоочу ийри сызык. Идеалдык газдын изотерма теңдемеси pV=const, мында р – басым, V – газдын көлөмү. р, V координата тегиздигинде изотерманын графиги – гипербола. Реалдуу газдын абалы Ван-дер-Ваальс теңдемеси м-н аныкталат. Реалдуу газдын изотерма теңдемеси татаалыраак мүнөзгө ээ. Бирок, ал төмөнкү басымда же жогорку температурада идеалдуу газдын изотерма теңдемесине өтөт.