ИЗОСТАЗИЯ
ИЗОСТАЗИ́Я (изо... ж-а гр. stfsis – абал), и з о с т а з и я л ы к т е ң д е ш т и к – жер кыртышында гидростатикалык тең салмактуулукту сактоо абалы; литосферанын астеносферага карай теңдештик абалы. Астеносфера – кыртыш астындагы пластикалык субстрат, ошондуктан Архимед закону боюнча анда литосфера калкып турат. Бирок жер кыртышынан төмөнкү тереңдиктеги (100 км) литосферанын басымы жер бетиндеги рельефтин ар кандай болушуна карабай, бардык жерде бирдей. Мындай абал жер кыртышынын калыңдыгы анын орточо тыгыздыгына тескери пропорция м-н өзгөрүшүн ж-а кыртыш таманынын рельефи

жер бетиндегиге окшош болгондугунун натыйжасында гана сакталат, башкача айтканда оор салмактагы океан кыртышы тоо кыркаларынын астында мантияга салаалап (тоо тамырлары) кирип турган жеңил материк кыртыштарына караганда жука (к. схема). Жер кыртышы жалпысынан бардык жерде толук изостазиялык теңдештик абалында болот, бирок тектоникалык кыймылдар болуп турган аймактарда кээде анын сакталбаганы изилдөөлөрдөн байкалган. Алар и з о с т а з и я л ы к а н о м а л и я деп аталат. Изостазиялык бардык эле чакан аянтта боло албагандыктан, адатта, ири аймактарда (туурасы 100– 200 км) гана сакталат. Изостазия тик асманын кыйшаюусунан, жер кыртышынын калыңдыгын сейсм ыкмалар м-н өлчөө ж-а оордук күчүнүн аномалиясын аныктоо жолдору аркылуу билинет. Балтика ж-а Канада калкандары акыркы муз каптоодон төмөн чөгүп, музу эрип жеңилдегенден кийин көтөрүлө баштаган (азыр жылына 11 ммге). Жер кыртышында изостазиялык күч тектоникалык кыймылдын таралышына тоскоолдук кылып, теңдештикти калыбына келтирип турат.
Ад.: Артемьев М. Е., Артюшков Е. В. Изостазия и тектоника // Геотектоника. 1967, № 5; Артемьев М. Е. Изостазия // Земля и Вселенная. 1970, № 3.