ИЗОПРЕН КАУЧУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОПРЕ́Н КАУЧУГУ [– СН2С(СН3) = СН – СН2]n – изопрендин полимерленүүсүнөн алынган син­тездик каучук. Молекулалык салмагы 300 миңден 1 млнго чейин, тыгыздыгы 0,91–0,92 г/см3, кристаллда­нуу t 25°С, айнектенүү t 70°С болгон, 95–98% 1–4-цис звенолорунан турган зат. Изопрен каучугу көпчүлүк углеводороддордо, СНС3, ССl4, СS2де эрийт. Мын­дай каучук эритмеде катализаторду пайдаланып, изопренди полимерлөөдөн алынат. Күкүрт м-н вулкандаштырылат. Техникалык сапаттары боюнча таби­гый каучукка окшош. Чоюлгучтугу, бышыкты­гы абдан жогору, салыштырма узаруусу 70– 100%, серпилгичтиги 65–75%. Синтездик изопрен каучугу табигый каучукту алмаштырат. Алардан ар түрдүү резина буюмдар жасалат.