ИЗООКТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗООКТА́Н , 2, 2, 4-т р и м е т и л п е н т а н, (СН3)3– ССН2СН(СН3)2 – алифаттык чектүү угле­водород; октандын изомерлеринин бири. Бен­зин жыттанган тунук, түссүз суюктук; кайноо t 99,2°С; сууда эрибейт, кадимки орг. эриткич­терде эрийт; бензол, метанол ж-а этанол м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. Изооктан баш­ка изомерлери м-н бирге бир аз санда нефтини буулантып айдоодо алынган бензинде кезде­шет. Өнөр жайда изооктан изобутиленди полимерлөөдөн алынган димерди гидрлөө же болбосо изобутан­ды изобутилен м-н концентраттык күкүрт кислотасы H SO , AlCl3, BF 2 4 3 ж. б. катализаторлорду катышты­рып алкилдөө жолу м-н алынат. Изооктандын н-гептан м-н болгон аралашмасы мотор отундары­нын детонацияга туруктуулугун аныктоодо кол­донулат ж-а аны октан саны м-н мүнөздөйт. Эгерде бензиндин детонациялык мүмкүнчүлүгү аралашманын мүмкүнчүлүгүнө барабар болсо (80% изооктандан, 20% н-гептандан турган), анда ал бензиндин октан саны 80ге барабар, к. Октан саны.