ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ к о м п ь ю т е р д е – колдонуучунун талабына ылайык интернет сайт­тарына шилтеме сунуш кылуучу система. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) издөөчү машина (Spider, Crawler, Robot) – Web-сайттарга кирип, ал камтыган маалыматтарды окуган ж-а ин­декстеген, ошондой эле шилтеме боюнча жылган програм­ма; 2) издөө системаларынын индекстерин издөөчү машина индекстеген барактардын текст­тик көчүрмөлөрү сакталган маалымат сактагы­чы; 3) колдонуучунун талабына ылайык маа­лымат издеген ж-а табылган документти ага берген издөө системаларынын индекстерин которуштурган программа.