ИЖАРА АЛУУЧУ
ИЖАРА АЛУУЧУ – жеке ж-а юридикалык жактар м-н ижара келишимин түзүү аркылуу мамлекеттик же менчик мүлктү убактылуу ээлик кылууга ж-а пайдаланууга алуучу жак. Мамлекеттик менчик укугундагы мүлк конкурс, жеке менчик укугундагы мүлк эки тараптуу келишим түзүү аркылуу жеке ж-а юридикалык жактарга берилет. Ижара келишиминин шарттарын тараптар өздөрү аныкташат. Ижара алуучу убактылуу пайдаланууга берилген буюмду тескөөгө укугу жок. Ижара алуучу ижара акысын убагында төлөп турууга, мүлктү келишимге ылайык пайдаланууга, бузбай урунууга, өз эсебинен оңдоп-түзөөгө (эгерде мыйзамда же келишимде башкача шарт каралбаса), келишимдин мөөнөтү бүткөндө нормадагы эскиришин эске алуу м-н тиешелүү абалда өткөрүп берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик, кооперациялык ж-а бөлөк коомдук ишканалар (уюмдар), алардын бөлүмдөрүнүн коллективдери, жарандар ж-а жарандардын топтору ижара алуучу боло алат.