ИЖАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЖАРА (полякча arenda) – мүлктү белгилүү акы алуу м-н башка бирөөгө пайдаланууга берүү. Ижара келишиминин негизинде ижара берүүчү мүлктү ижара алуучуга убактылуу ээлик кылууга ж-а пайдаланууга бере алат. Мүлк пайдаланууга мөөнөтсүз же мөөнөттүү берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга, жарандарга ж-а жарандыгы жокторго мүлк мөөнөттүү пайдаланууга бери­лет. Мамлекеттин менчигиндеги жер участка­лары мамлекеттик ж-а коммуналдык пайдалануучу­ларга гана мөөнөтсүз берилет. Мыйзам мүлктүн үчүнчү адамга ижара берүүчүнүн макулдугу м-н гана берилишине жол коёт. Мүлктү ижарага берүү жарандык мыйзамдын негиздери, ар кандай мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу эрежеле­ри м-н жөнгө салынат. Ижара техникалык каражаттарды же башка мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга муктаж ишканалардын, бирикмелердин, уюм­дардын нормалдуу иштешин камсыз кылат, элдин турмуш-тиричилик ж. б. керектөөлөрүн канааттандырууга шарт түзөт. Кыргызстанда ижара эл чарбасынын бардык тармактарында, ошондой эле мен­чиктин бардык түрлөрүндө колдонулат.