ИЕРАРХИЯ
ИЕРА́РХИЯ (гр. hierjs – ыйык, arche – бийлик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементтеринин жогортон төмөн карай удаалаштык тартипте жайгашуусу; 2) социалдык иерархия – коомдун, бюрократиянын социалдык структурасы; 3) кызматтык иерархия – кызматтык наамдардын, чиндердин баш ийүү тартиби боюнча төмөндөн жогору карай ырааттуу жайгашуусу; 4) чиркөө иерархиясы – православие, католик чиркөөлөрүнүн дин кызматкерлерине баш ийүүсү м-н мүнөздөлгөн уюмдашуу принциби; ишкананын ичинде чарбалык ишмердикти уюштуруу. Чарбалык бүтүмдү аткарууну фирманын ички башкаруу бөлүмү ишке ашыргандыктан‚ анын натыйжасында башкаруунун рыноктук түрү алмашылган учурда орун алат. Ошентип‚ экономикалык координациядагы рыноктук ж-а иерархиялык мамилелер бардык эле экономикалык системада бирин-бири толуктап турат‚ айырмасы – чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун биринде рыноктук‚ экинчисинде иерархиялык ыкма үстөмдүк кылат.