ИДЕОГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУ
ИДЕОГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУ (гр. idta – түшүнүк ж-а ...графия) – шарттуу белгилер м-н тилдик катнаштын фонетикалык (айтылышын), грамматикалык түзүлүшүн бербестен, анын маанисин гана билдирген жазуу. Идеографиялык жазууда шарттуу белгилер (иероглифтер) өзүнчө ж-а айкалышкан түрдө берилет

(к. таблица). Идеографиялык жазуу мурунку (пиктографиялык) жазууларды тартипке, тактыкка келтирүү зарылдыгынан келип чыккан. Кийин идеографиялык жазуунун ордуна фонографиялык жазуу пайда болгон.