ИДЕАЛДАШТЫРУУ
ИДЕАЛДАШТЫРУУ – илимий таанып-билүүнүн бир жолу, түрү; так-таасын аныктала элек же иш жүзүндө али мүмкүн эмес нерсе жөнүндө кыял-ойдун аркасы м-н түшүнүк кураштырып, ошонун жардамы аркылуу чындыктын көмүскө касиет сапаттарын ачуу. Идеалдаштыруу биринчиден, чындыкка, экинчиден, кыялдын ой логикасына таянат да, турмушта кезикпеген нерсе (обьект) түзүлүп, ал изилдөө куралына айланат. Идеалдаштыруунун натыйжасында уюган түшүнүктөргө "чекит", "түз сызык", "инерция" ж.б. мисал боло алат.