ИДЕАЛ 2
ИДЕА́Л ф и л о с о ф и я д а – сонун, кынтыксыз, телегейи тегиз үлгү, өрнөк; адатта жеке адам, коомдук топ же коом көздөгөн, кастарлаган дөөлөт, кымбат зат. Адам баласы өз турмушунда, иш-аракетинде бир нерсени идеал тутуп, ошого жетүүгө, теңелүүгө умтулат. Идеал адамга жол көргөзүп, демине дем кошуп, алга сүрөйт. Философия тарыхында идеал максат, кыял, ыйман, абийир, сулуулук, бийиктик өңдүү түшүнүктөр м-н тыгыз байланышта иликтенип келет.