ИГУАСУ
ИГУАСУ́ – Түштүк Америкадагы шаркыратма. Игуасу дарыясынын Паранага куйган чатынан 26 км жогору, Аргентина м-н Бразилиянын чек арасында жайгашкан. Базальттуу эки тепкичтен капчыгайга салааланып куюлуп түшөт. Салаалардын саны 275, аларды аскалуу аралдар бөлүп турат. Жалпы бийиктиги 72 м, жазылыгы

2,7 км, жаанчыл сезондо 4 кмге чейин жетет (дүйнөдөгү эң жазы шаркыратмалардын бири). Суусунун жылдык орточо чыгымы 1200 м3/сек.