ИБН СИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН СИ́НА (латындашканы А в и ц е н н а), А б у А л и Х у с е й н и б н А б д а л л а х (980, Бухарага жакын Афшана кыштагы – 18. 6. 1037, Хамадан) – Орто Азия элдеринин энцикло­педиячы илимпозу, философ, дарыгер, акын. Бухарада окуп, антикалык араб, фарсы, инди маданиятын, илим-билимин терең өздөштүргөн. 17 жашында илимпоз ж-а дарыгер катары тааныл­ган. Философияда чыгыш аристотелизминин, неоплатонизмдин салттарын уланткан. Анын илим-билимдин бардык тармагы боюнча жазыл­ган араб тилиндеги 400дөн ашуун, фарсы ти-


линдеги 20дай эм­гегинин 160ка жа­кыны бизге жет­кен. Негизги фи­лософиялык эмгектери: «Шыпаа китеп», «Нускоолор жана насааттар ките­би», «Билим ки­теби» ж. б. Ибн Синаны дарыгер катары дүйнөгө атын чы­гарган эмгеги – «Медицина кано­ну». «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмге­ги латынча 30дай жолу басылып чыккан. «Ка­нондо» медицина теориясы, адамдын анатомия­сынын негиздери, ар түрлүү оорулардын себеп­тери ж-а белгилери, тамактануу эрежелери ж. б. жөнүндө айтылат. Ибн Сина суу ж-а аба аркылуу жугуу­чу көрүнбөгөн оору козгогучтар ж-дө гипотеза­ны Пастерден сегиз кылым мурда айткан. Анын

Ибн Синанын Хамадандагы күмбөзү. Иран.

айрым медициналык идеялары азыр да маанисин жогото элек. Ибн Синанын ысмы атактуу Гиппократ м-н Галендин катарында турат. Ибн Синанын философиялык трактаттары логика, физика, математика илим­деринин, метафизиканын (философиянын), ме­дицинанын проблемаларына арналган. Ибн Синанын эмгектери мазмуну жагынан универсалдуу, эн­циклопедиялуу мүнөзгө ээ. Ал акын катары да белгилүү. Анын араб ж-а фарсы тилиндеги ырлары рубаи формасында жазылып, афоризм касиетине ээ. Ибн Сина араб-иран классикалык адабиятына, ошондой эле орто кылымдагы Европа адабиятына да таасир тийгизген.


Чыг.: Канон врачебной науки. 2-е изд. Таш., 1979–1982. Кн. 1–5; Избранное. М., 1980; Избранные философские произведения. М., 1980.

Ад.: Сагадеев А. В. Ибн Сина (Авиценна). 2-е изд.
М., 1985.