ЗЫМЫРЫК КУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:16, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫМЫРЫК КУШ – жөө жомоктордогу куштун образы. Адамдар айбанаттарды аң-сезимдүү деп түшүнгөн байыркы мифтик ишенимдерге бай­ланыштуу келип чыккан. Атайын изилдөөлөрдө анын образы скиф доорунан бери Евразияга бел­гилүү деп айтылат. Зымырык иран ж-а түрк элдери­нин жөө жомокторунун, укмуш окуялуу дас­тандарынын мифологиялык дөө, ажыдаар сыяктуу каармандарына окшош. Зымырык ар дайым адамга дос, оң образ катары мүнөздөлүп, ага антропомор­физм мүнөздүү. Ал адам сыяктуу сүйлөө, сезүү касиеттерине ээ. Зарыл учурда адамга жардам-

га келет, аны көтөрүп учуп, каалаган жерине жеткирет ж. б. Мисалы, анын образы ирандыктар­дын «Рустамнамэсинде», түркмөндөрдүн «Ша­бахрам», азербайжандардын «Шахзада Бахрам», түркмөн, өзбек, тажиктердин «Көр уулунда» жолугат. Айрыкча, Фирдоусинин элдик оозе­ки чыгармачылыктын негизинде жазылган «Шахна­мэсинде» көрүнүктүү роль ойнойт. Ал баатыр Үрүстөмдү, анын энеси Рудабени, атасы Залды бир нече жолу кырсыктан куткарып, ажал­дан алып калат. Иран элдеринин жомокторун­да зымырык «Эр Төштүктөгү» алп кара куш сыяктуу сүрөттөлөт.