ЗУЛЬФИЯ
ЗУЛЬФИЯ (толук аты-жөнү – Зульфия И с р а и л о в а; 14. 3. 1915, Ташкент – 1. 8. 1996, ошол эле жер) – өзбек акыны, коомдук ишмер, Өзбек ССР эл акыны (1965), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984).

Ташкент педагогикалык институтун бүтүргөн (1935). 1938–50-жылдарда республикалык көркөм адабият басмасында редактор, бөлүм башчы, 1950–52-жылдарда башкы редактор болуп иштеген. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ыр жыйнагы – «Өмүр барактары» (1932). «Кыздар ыры» (1939), «Аны Фархад деп аташчу» (1943), «Айрылуу күндөрүндө» (1944), «Менин Ата Мекеним», «Бизди күт», «Гүлдөр ачылганда» ж. б. атуулдук ырларды жазган. «Жүрөгүмө жакын кишилер» (1958), «Талыбас жүрөк» (1966) аттуу ыр жыйнактарында эл достугу, тынчтык ж-а эмгек даңазаланат. Зульфия лирик, чебер пейзажист катары да белгилүү («Өрөөндүн тартуусу», 1966; «Менин жазым», 1967; «Шаркыратма», 1969). Ал Х. Алимжандын поэмасынын негизинде «Зейнаб менен Аман» операсына либретто жазган. Ж. Неру (1968), Хамза (1969) ж-а Нилуфар (1970) атындагы сыйлыктардын лауреаты. «Эстелик саптары», «Көк желе» ыр жыйнактары үчүн ага СССР мамлекеттик сыйлыгы (1976) ыйгарылган. Зульфиянын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Өзбекстанда адабият, маданият, искусство жаатындагы жетишкендиктер үчүн Зульфия атындагы мамлекеттик сыйлык белгиленген (2002). Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», «Кирилл жана Мефодий» (Болгария) ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.