ЗОЩЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗО́ЩЕНКО Михаил Михайлович [28.7(9.8).1894, Санкт-Петербург – 22.7.1958, Ленинград] – орус жазуучусу, сатирик. Чыгармачылыгы 1922-жылдан башталган. Анын биринчи китеби – «Мырза Си­небрюхов Назар Ильичтин аңгемелери». Зощенко өзгөчө баяндоо формасындагы сатиралык аңгемелерин­де («Көгүш китеп», 1935) тайкылыктын бетин ачкан. «Мишель Синягин» (1930), «Кайтарыл­ган жаштык» (1933), «Керенский» (1937), «Та­рас Шевченко» (1939) ж. б. повесттери ж-а «Таар сумка» (1939) сатиралык пьесасы, ошондой эле «Күн чыгар алдында» (1-бөлүк, 1943; 2-бөлүк «Акыл жөнүндө повесть» деген ат м-н 1972-жылы жарыя­ланган) аттуу эссе-повести бар. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.: Собр соч. М., 2002–2006. (Т. 1–4).