ЗОРГЕ
ЗО́РГЕ Рихард [22. 9 (4.10) 1895, Баку – 7. 11. 1944, Токио] – советтик аскер чалгынчысы, журналист, Советтер Союзунун Баатыры (1964, өлгөндөн кийин). Атасы немис, энеси орус болгон.

1898-жылы Зоргенин үй-бүлөсү Россиядан Германияга кайткан. 1-дүйнөлүк согушка катышкан. (1914–16). Үч жолу жарадар болуп, Темир крест м-н сыйланган. 1916-жылы жарадар болуп, госпиталда жаткан кезинде солчул социалисттер м-н жакындашкан. 1917– 19-жылдарда көз карандысыз социал-демократиялык партиянын, 1919-жылдан Германия компартиясынын мүчөсү. Берлин университетин бүтүрүп (1919), ал жерде окутуучу ж-а журналист болуп иштеген, мамлекет-укук илимдеринин доктору. Вупперталь ж-а Франкфурт-на-Майнеде пропагандист, Золинген шаарында партиялык газетаны редакторлогон. 1924-жылы СССРге келип, советтик жарандыкты алган, мамлекеттик мекемелерде иштеген. 1929-жылдан Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын чалгындоо башкармалыгына кызматка өткөн. 1930–32-жылдарда Кытайда иштеген. 30–40-жылдарда Германия, Япония ж. б. өлкөлөрдө немис журналисти катары жүрүп, СССР үчүн эң баалуу маалыматтарды билдирип турган. 1941-жылы май айында фашисттик Германия СССРге каршы канча дивизия даярдаганын ж-а кайсы күнү кол саларын, планынын схемасын билдирген. 1941-жылы 18-октябрда япония полициясы кармап, 1943-жылы сентябрда өлүм жазасына өкүм кылынган, 1944-жылы Токионун «Сугамо» түрмөсүндө асып өлтүрүлгөн. Сөөгү Токиодогу Тама мүрзөсүнө коюлган.
Ад.: Колесникова М., Колесников М. Жизнь и бессмертие Р. Зорге. М., 1985; Георгиев Ю. В. Р. Зорге: исследователь, разведчик, геополитик. М., 2002.