ЗООФАГДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООФАГДАР (зоо... ж-а гр. phfgos – жеп коюу) – башка жаныбарлар м-н азыктанган жаныбарлар. Зоофагдарга өз түрү м-н азыктанган орга­низмдер ж-а жаныбар мителери да кирет. Азык­тын түрүнө ж-а аны табуу жолуна карай зоофагдардын жашоо түрү ж-а алардын морфологиясы ж-а этологиясы (жүрүм-туруму), байырлоосу ар кан­дай. Активдүү жырткычта табылгасын кармоо, өлтүрүү, кыймылдоо ж-а сезүү органдары күчтүү өөрчүгөн. Фитофагдарга (өсүмдүк м-н азыкта­нуучулар) караганда алардын азык сиңирүү жолу кыска болот.