ЗООГЕОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООГЕОГРА́ФИЯ , ж а н ы б а р л а р г е о ­г р а ф и я с ы – географиянын ж-а зоологиянын жер бетиндеги жаныбарлардын географиялык таралы­шын изилдөөчү бөлүгү. Ал систематика, па­леонтология, экология ж. б. биологшиялык илимдер м-н тыгыз байланыштуу. 18-кылымда зоогеографиялык экспе­дициялар уюштурулуп, чогулган материалдар 19-кылымда жыйынтыкталган. Зоогеографиянын өсүшүндө Ю. И. Семашко, Н. А. Северцов ж-а А. П. Семёнов-Тян-Шанский ж. б. орус илимпоздорунун эмгеги зор. Зоогеографиянын мааниси жаратылыш байлык­тарын сарамжал пайдалануу зарылдыгына не­гизделген. Анын негизги ыкмасы – зоологиялык карта түзүү ж-а андагы түрлөрдүн жашаган ареалын тактоо. Түрлөрдүн таралышы, курамы боюнча жыйынтыктар ошол өлкөнүн фаунасы ж-дө жалпы маалымат берет. Белгилүү бир аймакта гана жашаган түр эндемиктер деп аталат. Акыркы жүз жылда адамдын иш-аракетине байланыштуу табиятты өзгөртүү (айдоо, токой кыюу, саз кургатуу, кырып жок кылуу, куру­луш ж. б.) фаунанын өзгөрүшүнө, айрым түрлөр­дүн тукум курут болушуна, ошондой эле кээ бир жа­ныбардын адамга көнүп же мителик кылып жашап, ылайыктанышына алып келди. Зоогеография түр­дүн пайда болуу жолдорун ж-а себебин изилдөө, аңчылык, балык кармоо, токой ж-а айыл чарбасынын зыянкечтерин жоготуу, пайдалуу ж-а териси баалуу айбанаттарды коргоо ж. б. маселелерди чечүүдө практикалык мааниси чоң.