ЗОДИАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОДИА́К (гр. zōdiakjs, zoon – жаныбар), з о ­д и а к а л к а г ы – асман сферасынын орто­сунда эклиптика алкагындагы жылдыздар жыйындысы. Күн топ жылдыздарды аралап, бир жыл ичинде асман сферасындагы чоң тегерек эклиптика боюнча өтөт. Күн басып өткөн 12 топ жылдыз зодиак топ жылдыздары деп аталып, зодиак ал­кагында жатат. Бул топ жылдыздардын көбү жаныбарлардын сырткы келбетин чагылдырган­дыктан, алардын аты м-н аталган. Март айын­да Күн Балык топ жылдызында болот. Апрел­де Күн Кой топ жылдызына келет. Эки миңдей жыл мурда жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда болгон, прецессиянын натый­жасында ал Балыкка которулган. Май айында Күн Букачар топ жылдызына токтолот. Бул топ жылдыздын жүзгө жакынын куралсыз көз м-н көрүүгө болот, алардын эң жарыгы – кы­зыл алп жылдыз Альдебаран. Июнда Күн Эгиз­дер топ жылдызына келет. Анын эң эле жарык жылдыздары – Поллукс м-н Кастор. Бул топ жылдызга жайкы күн токтолуу чекити туура келет. Июлда Күн Суучаян топ жылдызында болот. Мында жарык жылдыздар жок. Болжол м-н 20-августта Күн Арстан топ жылдызына өтөт. Мында бир нече ондогон жаркырак жыл­дыздар бар, алар – Регул ж-а Денебола. Сентябр­да Күн – Бийкеч топ жылдызына келет, анын эң жаркырак жылдызы – Спика. Бийкеч топ жылдызында күзгү күн-түн теңелүү чекити жай­гашкан ж-а алгачкы квазарлардын бири ачыл­ган. Октябрда Күн Тараза топ жылдызына ке­лет, мында үч гана жылдызды куралсыз кө­рүүгө болот. Ноябрда Күн Чаян топ жылдызы­нан өтөт. Бул топ жылдыздын эң жарык жыл­дызы – кызгылт Антарес. Декабрда Күн Жаачы топ жылдызында болот. Ушул топ жылдыз­дын багытында биздин Галактиканын борбору жайгашкан. Кышкы күн токтолуу чекити да ушунда. Январда Күн Текечер топ жылдызында болот, мында жарык жылдыздар жок. Феврал­да Күн Суу куйгуч топ жылдызында болот.