ЗМИЕНКО
ЗМИ́ЕНКО Анатолий Гаврилович (1923, Россия, Кировоград облусу, Новомиргород району, Розлив кыштагы – 1989, Бишкек) – тоо инженери, Кыргыз ССР геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1974). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кривой Рог тоо-кен институтун бүтүргөн (1950). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942–45). Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгынын геологиялык партияларында тоо иштеринин прорабы, башкы инженери (1950–55), СССР геология министрлигинин башкы геологиялык башкармалыгынын партияларында (Акмоло, Көкчө-Тоо облустары, Казак ССРи) башкы инженер (1955–58), Түндүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын башкы инженери (1958–71), Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгында өндүрүш бөлүмүнүн начальниги (1971– 75), башкармалыктын начальнигинин биринчи орун басары – башкы инженери (1975–83), өндүрүш бөлүмүнүн начальниги, улук инженери (1983–85). Республикада минералдык сырьёнун жаңы түрүн өздөштүрүп, анын ири кенин чалгындоого чоң салым кошкон. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.