ЗИББЕРШТЕЙН
ЗИ́ББЕРШТЕЙН Фаддей Карлович (1789, Польша – өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-жылы Виленск университетинин илимий дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кызмат өтөгөн. 1825-жылы 25-майда Омск шаарынан кайра элине кайтышкан кыргыз элчилерине (Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, Алымбек Жапалак уулу) кошулуп, Ысык-Көлгө чейин келип кеткен. Кайтып барганда (1825-жылы октябрь) Батыш Сибирь генерал-губернаторуна «Омск гарнизон полкунун дарыгери Зибберштейндин иш сапарындагы байкоолору» деген кол жазмасын тапшырган. Андагы кыргыздардын 19-кылымдын 1-чейрегиндеги коомдук-саясий турмушу, географиялык абалы жөнүндө маалыматтар азыркы күндө илимий маанисин жогото элек.
Т. Асанов.