ЗЕРАВШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРАВША́Н , З а р а ф ш о н (жогорку агымы – М а т ч а) – Тажикстан м-н Өзбекстандагы да­рыя. Узундугу 877 км, алабынын аянты 17,7 миң км2. Көк-Суу тоо тоомундагы Зеравшан мөңгүсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү түздүк аркылуу агат. Орточо чыгымы 162 м3/сек. Сугатка пайдаланган­дыктан, Аму-Дарыяга жетпейт. Катта-Коргон ж-а Куюмазар суу сактагычтары курулган. Зеравшандын төмөнкү агымы Аму-Бухара каналы аркылуу Аму-Дарыянын суусу м-н толукталып турат. Зеравшан өрөөнүндө эл жыш отурукташкан. Боюнда Пенжикент, Самаркан, Бухара ж. б. шаарлар жайгашкан.