ЗЕМАРХ
ЗЕМА́РХ К и л и к и я л ы к – Византия императору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–69). Адегенде Маниах башында турган түрк каганынын элчилери 568-жылы Византияга келген (мүмкүн ичинде Тянь-Шанда турушкан согдиялыктар болушкан деген пикир бар). Түрктөр кайтканда алар м-н кошо Земарх башында турган элчилер Кавказды, Каспий деңизин айланып өтүп, Сыр-Дарыяда турган Истеми кагандын (Менандр боюнча Дизавул) кабыл алуусунда болушкан. Элчилердин максаты түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алардын максаты орундалып, Земархтан кийин түрк каганына келишкен перс элчилерин Истеми кабыл алган эмес ж-а өзү перстерге каршы жортуулга чыкканда Земарх кошо барган. Ушул жүрүшкө байланыштуу «Талас өлкөсү (hora)» ж-дө кабар бар. Ал Таласты эскерген эң алгачкы маалыматтардын бири болушу мүмкүн. Каган Земархка ырайымдуулук көргөзүп; «колго түшкөн күң тартуулаган: ал кыз херхирлерге» (кыргыздар) караган. Өз милдетин толук аткарган Земарх кайтып келгенден кийин көргөн-билгендери тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген.
Ад.: Византийские историки Дексипп, Эвнапий, Олимпиодор, Малх, Пётр Патрикий, Менандр, Кандид, Ноннос и Феофан Византиец /Пер. с греч. СПб., 1860; Пигулевска Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-ое доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.