ЗЕЕБЕК ЭФФЕКТИСИ
ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ – удаалаш туташтырылган, тийишкен жеринде температуралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк электр чынжырында электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. 1821-жылы немис окумуштуусу Т. И. Зеебек ачкан. Өткөргүчтөрдүн тийишкен жерлери ар кандай температурада болгондо, алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка болгондуктан, электр тогу пайда болот. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулук булагы, башкача айтканда эки тиймек (тийишүүчү аянт) пайдаланылат. Зеебек эффектисине ылайык термоэлемент же термопараны колдонуп, температураны өлчөөгө болот. Термопара термометрге караганда өтө сезгич болгондуктан, температура чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. Зеебек эффектиси электр тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүчтөн жасалган термоэлектр генератору Күн энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландырат.