ЗЕБУ
ЗЕБУ (Bos. Indicus ж-а Bos africanus) – өркөчтүү бодо. Түпкү теги боюнча уйга жакын; Индия, Африка, Америкада, Жакынкы Чыгышта, Балкан жарым аралындагы ж-а КМШ

(Азербайжанда, Борб. Азияда) өлкөлөрүндө негизинен унаа катары ж-а эт алуу максатында асыралат. Өркөчү бийик, салмагы 5–8 кг. Башы кичине , моюну кыска, жоон. Өңү карала, сарала, күрөң ж. б. Зебунун инегинин салмагы 250–270 кг (айрымдары 450–550 кг), букасыныкы 300–350 кг (кээ бири 1000 кг). Эти уйдун этинен эч айырмаланбайт. Жылына 900–1300 кг сүт саалат.