ЗЕБРА
ЗЕБРА – сүт эмүүчүлөрдүн сыңар туяктуулар түркүмүнүн жылкылар (Eguus) уруусундагы урууча. Дене узундугу 200–240 см (куйругу 47–57 см), жалына чейинки бийиктиги 120–140 см, салмагы 350 кгга жетет. Зебралардын түсү кара ж-а ак тилкелерден турат. Жалы кыска, куйругунун учу узун кылдуу. Баш сөөгүнүн түзүлүшү, көлөмү ж-а денесинин түсүнө жараша 4 түргө (тоо зебрасы, бурчелла зебрасы, Грэви зебрасы ж-а квагга) бөлүнөт.

Чыгыш, Борбордук ж-а Түштүк Африкада үйүрү (10–30) м-н жашайт. Өтө ылдам жүгүрөт. Өсүмдүк м-н азыктанат. Жыл мезгилине жараша жем издеп, жер которуп жашайт. 1–1,5 жашында жыныстык жактан жетилет. Ургаачысы 346–390 күн көтөрүп, 1 же 2 кулун тууйт. Терисинин кооздугунан улам көп атылып, азайып кеткендиктен, коргоого алынып, тоо зебрасы м-н Грэви зебрасы ТКЭСтин Кызыл китебине катталган, квагга жок кылынган. Аскания-Нова коругунда (Украина) байырлаштырылган.