ЗАКАРПАТЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКАРПА́ТЬЕ – 1) Украинанын батышындагы табигый аймак. Тиса дарыясынын алабында. Закар­патье ойдуңу (бийиктиги 120 мге чейин) м-н Украи­на Карпат тоолорунун этегин (бийиктиги 400 мге че­йин) камтыйт. Көп жери айдалып, дан ж-а техникалык өсүмдүктөр, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Ай­рым жерин эмен-граб токою ээлейт. Закарпатьеде Ужгород, Хуст, Мукачево шаарлары жайгашкан. 2) Украинадагы Закарпатье облусунун расмий эмес аталышы.