ЗАГУЛОВ
ЗАГУ́ЛОВ Жакен (21. 7. 1931‚ Ысык-Көл облусу‚ Ысык-Көл району‚ Кара-Ой айылы – 1. 9. 2005‚ Бишкек) – экономика илимдеринин доктору (1977)‚ эл чарбасын башкаруу ж-а пландоо боюнча адис. Москва автомобиль-жол институтун (1955) ж-а аспирантурасын (1961) бүткөн. Фрунзедеги автобазанын башкы инженери‚ директору (1955–64), Кыргыз CCР транспорт министрлигинде башкармалыктын башчысы (1964–66), Фрунзе автомобиль кураштыруу з-дунун‚ «Кыргызавтомаш» өнөр жай бирикмесинин директору (1966–83), ФПИнин профессору (1983-жылдан). 50дөн ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Вопросы экономики автотранспорта в Киргизской CCР. Ф.‚ 1966; Эффективность использования основных производственных фондов автомобильного транспорта Киргизской CCР. Ф.‚ 1973.