ЗАВОД-АВТОМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАВО́Д-АВТОМА́Т – борбордук компьютер м-н баш­карылуучу ийкемдүү автоматтык жогорку өндү­рүш ишканасы. Завод-автоматтын башкаруу системасы­нын курамына сом темирлерди иштетүүчү, жы­юучу ж-а ташуучу, жабдууларды диагноздоочу, өндүрүштү башкаруучу, калдыктарды кайра иштетүүчү системалар кирет. Завод-автомат негизинен машина түйүндөрүн, тетиктерин ж-а жабдуулар­ды адамдын катышуусуз даярдоого арналган. Завод-автоматта колдонулган техникалык жабдуулар ж-а кара­жаттар, ташуучу ж-а өнөр жай роботтору бардык ишке өтө маш.