ЕКАТЕРИНБУРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕКАТЕРИНБУ́РГ (1924–91-жылдарда С в е р д ­л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2024); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991), 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фаб­рика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилин­де алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина жана прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия жана химия өнөр жайы өнүк­көн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байы­туу, металлургия жана энергетика жабдуулары, домна меши жана башкалар), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү, лифт­тер үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жайы үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Урал­гидромаш», «Труба-мотор заводу» жана башка өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муз­даткыч жасоочу жана башка заводдору, кара метал­лургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор жана башкалар), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (космети­ка, тиричилик химиясы) иштейт. Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 жогорку окуу жайы (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия жана башкалар), китепканалар, музейлер бар. Шаар 1723-жылы металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм

Шаардын жалпы көрүнүшү.

стилинде курулган Расторгуев-Харитонов

чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) жана башкалар сакталган. Екатеринбург – Уралдын ири финансы бор­бору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Рос­сиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-жылы В. А. Курочкин атындагы мюзикл жана опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-жылы Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өт­көрүлгөн.