ЕДИГЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 4 Август (Баш оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕДИГЕЙ, Идигу (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маңгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. Муин ад-Дин Натанзинин «Мунтахаб ат-таварих-и Муиниди» деген эмгегинде Алтын-Ордонун ханы (1380–1395) Токтомуштун колунан каза болгон Балтычак бектербеги Едигейнин атасы экени айтылат. Токтомуш хандын кызына үйлөнүп, атасын Ак Ордонун ханы (1372–1374) Орус хан өлтүргөндөн кийин ал 1376-жылы Тимурдун (1336–1405) кол алдына качып келип, аскер кызматына алынган. 1390-жылдары Тимурдун Алтын Ордого каршы жортуулдарына катышкан. Жуучу улусу алсырай баштаганда Едигей Едил (Волга) жана Жайык (азыркы Урал) сууларынын аралыгына өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен.  Едигей негиздеген Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кутлук-Темир менен бирге Токтомуш ханга кар­шы согуш жүргүзүп, 1399-жылдардан кийин иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз колуна алып, мурдагы Жуучу улусуна караган аймакты акыркы жолу бириктирген. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орус­­тарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмит­ров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Москваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–1412-ж. кайрадан Хо­резм тарапка качууга аргасыз болгон. Бирок ал жак­тагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Ток­то­муш­тун уулдары колдуу болуп өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Едигей тууралуу айрым оозеки маалыматтар кыргыз фольклорунда да көп ке­зигет.

Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Но­гайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001.