ЕВРОПА (дүйнө бөлүгү)
ЕВРО́ПА – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деӊизи, Кума-Маныч ойдуӊу жана Керч кысыгы (кээде Чоӊ Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деӊиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 745 млн (2024, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Түндүк Муз океаны жана анын деӊиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деӊиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деӊиздери, түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деӊизи менен чулганат. Түзөӊ аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектоника, фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эӊ четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуӊчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миӊ км2дей; эӊ чоӊдору – Жаӊы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эӊ түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия,

Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуӊ-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эӊ алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым географиялык жана статистикалык-экономикалык эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эӊ бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоӊ Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эӊ бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эӊ жапыз жери Каспий бою ойдуӊу, ал деӊиз деӊгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуӊдуу түздүктөр жана дөӊсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуӊу) деӊиз деӊгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоӊку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын
жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эӊ бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат. Эӊ байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуӊу, Кола жарым аралынын түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаӊы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деӊиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанар тоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деӊиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башкалар), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай. Европанын географиялык абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын болушу анда деӊиздик жана андан континенттикке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орточо өлчөмү бардык жеринде оӊ мааниде, ал түндүктөн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралдарында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түштүк Европада 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Европада (Жер Ортолук деӊиз аймагынан жана Франциянын басымдуу бөлүгүнөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн

–1 ккал/см2) чейин; июлда түндүк менен түштүк аймактардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; натыйжада радиациялык баланс Европанын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атмосферанын жалпы циркуляциясынын системасына кошулганда, айрыкча кышында жылуулуктун аймак боюнча кайрадан бөлүнүшүнө алып келет. Батыштан соккон аба массасынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымынын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеӊдик багыттыкынан кыйла айырмаланып, Европанын басымдуу бөлүгүндө (түштүк-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орточо температурасы кеӊдик боюнча орточо темпрадан кыйла көтөрүӊкү болот. Мисалы, январдагы жылуу температуралык аномалия Жаӊы Жерде, Кола жарым аралында, Шпицбергенде, Британ аралында 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы менен Исландияда18°Сден24°Сге чейин жетет.
Радиациялык жана циркуляциялык факторлор Европанын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атмосферанын эӊ төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Исландия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты жана түштүк-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуӊуна жана Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклонунун бир тармагы да кирет. Азор антициклонунун таасири астында турган Жер Ортолук деӊиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атмосфералык фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеӊдиктерди карай бир аз кыйшайып) багытталат. Европанын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым жарым аралына чейин жетиши мүмкүн. Жер Ортолук деӊиз аймагында уюлдук аба мезгил-мезгили менен тропиктик аба менен алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кышы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түндүк аймактарынын жана Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык жана арктикалык. Түштүк Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деӊиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы арктикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европанын эӊ суук жерлери: Печора дарыясынын алабы (айлык орточо температурасы –20°С) жана Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора дарыясынын алабында Европадагы эӊ төмөнкү температура (абсолюттук минимум) –52°С катталган. Европанын эӊ ысык жерлери – Жер Ортолук деӊиз аймагы (мында июлдун орточо температурасы 28–30°С) жана Каспий бою ойдуӊу (24–26°С). Абсолюттук максимум температура (48°С) Пиреней жарым аралынын түндүгүндө катталган. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысынан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым капталдарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европада, айрыкча, анын түштүк-чыгышында жана чыгышында). Эӊ жаанчыл жери – Динара тайпак тоосунун батыш капталдарында, анда жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эӊ кургакчыл жери – Каспий бою ойдуӊу, анда 200 мм жана андан да аз жаайт. Арктика аралдарында жана Баренц деӊизинин түштүк жээгинде – 300–400 мм. Европага кеӊдик боюнча арктикалык, субарктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги климат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европалык секторундагы аралдарды камтыган а р к т и к а а л к а г ы н ы н климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июлдун орточо температурасы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн. Исландиянын, Фенноскандиянын жана Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүк бөлүктөрүн камтыган с у б а р к т и к а а л к а г ы н ы н жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак жана жылуураак (июлдун орточо температурасы 10– 12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жумшак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм; жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн. Европанын Жер Ортолук деӊиз аймагынан жана Крымдын түштүк жээгинен башка калган бүт аймагын м е л ү ү н а л к а к ээлеп, анын түндүк бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деӊиздик, абанын температурасынын жылдык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түздүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик жана ашыкча нымдуу. Алкактын чыгышынын климаты мелүүн континенттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө


серүүн, борбордук бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын температурасынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түндүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борбордук бөлүгүндө алар теӊдешет, түштүгүндө жаан-чачын буулануудан аз. Жер Ортолук деӊиз аймагын жана Крымдын түштүк жээгин камтыган с у б т р о п и к а л ы к а л к а г ы н а жер ортолук деӊиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан-чачындуу (январдын температурасы 4°Сден 12°Сге чейин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургакчыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сүрөт. Пиренейдин батышына, Апеннин жарым аралына, Балкан жарым аралынын батышына жана түндүк-батышына жер ортолук деӊиздик климаттын деӊиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул жарым аралдардын калган бөлүктөрүнө жана Крымдын түштүк жээгине анын континенттик варианттары мүнөздүү. Европа агын суу катмарынын өлчөмү боюнча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түштүк Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) боюнча, кургактыктын чакандыгына байланыштуу Австралия менен Антарктидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чыгышты жана түндүктөн түштүктү карай азаят. Европанын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түндүк Муз океандын жана ички Каспий деӊизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эӊ чоӊ дарыясы – Волга (негизги куймалары: Кама менен Ока). Анын узундугу 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орточо чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түндүк Двина. Батыш Европадагы ири дарыялар: Дунай (узундугу 2850 км, алабынын аянты 807 миӊ км2, суусунун орточо чыгымы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири менен туташат. Көбү гидроэнергетикалык максатта пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Волгадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка жана башкалар. Чыгыш Европанын дарыялары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында жана жайдын башталышында суусу кирет; түздүктүн түндүк бөлүгүндө кар кечирээк эригендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында түштүк бөлүгүндөгү дарыялар 1,5– 3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз менен капталат. Фенноскандияда кыска жана босоголуу дарыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, негизинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоӊку бөлүктөрүн 2–3 айга, түндүк бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоӊку Европанын түздүктүү аймактарындагы дарыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоӊбойт; чыгышыраагындагы дарыялар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоолорунан башталган дарыялар мөӊгү сууларынан да куралат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын дарыяларынын деӊгээли күзүндө жана кышында (айрым жерлеринде кышында жана жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кышкы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер астындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат. Европанын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европалык бөлүгүнүн түндүгүндө жана түндүк-батышында, Фенноскандияда, Британ аралында, Альп тоолорунда жана анын өндүрүндө, Польшанын жана Германиянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көлдөрдүн көбү тектоникалык оёӊдордо, чуӊкурдук, грабен жана башкаларда жайгашып, мөӊгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Меларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Женева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда жана башкалар кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянттар жок. Мындагы эӊ мүнөздүү көлдөр: түздүктөр аркылуу дарыялардын жайылмаларындагы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Дунайдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деӊиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан жарым аралындагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгриядагы Балатон жана башка тектоникалык, Апеннин жарым аралындагы жана Исландиядагы жанар тоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин жарым аралдарындагы карсттык көлдөр. Европанын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндө мала туздуу жана өтө минералдашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия менен Европанын чегинде дүйнөдөгү эӊ ири көл – Каспий деӊизи жайгашкан. Европадагы азыркы м ө ӊ г ү л ө р д ү н жалпы аянты 116 миӊ км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миӊ км2), Жаӊы Жер, Франц- Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, ошондой эле Альп тоолорунда, Уралдын түндүк бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра-Невада тоолорунда да мөӊгүлөр бар. Европанын т о п у р а к к ы р т ы ш ы н ы н ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзам ченемине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюлдук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эӊ зор аянтты бореалдык жана суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зоналуулук структурасы жана типтери боюнча нымдуу океандык климаттуу Батыш Европага жана континенттик климаттуу Чыгыш Европага бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н д а арктикалык жана тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаӊы Жердин түндүгүндө таралып, калыӊдыгы өтө жука, генезистик горизонттору анча байкалбайт. Тундра топурактары Фенноскандиянын түндүгүн, Жаӊы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк уюлдук тегеректен түндүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, органикалык калдыктары жай чириген, чиринди горизонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёӊ жерлерде (айрыкча Печора дарыясынын төмөнкү алабында) тундра топурактары саздак тундра топурактары менен айкалышат. Б о р е а л д ы к а л к а к Исландиянын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ аралдарын, Түндүк Европа түздүктөрүн, Чыгыш Европанын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын

камтыйт. Бул алкактын к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у а й м а к т а р ы н д а төмөнкү топурак кыртыштары таралган: түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуулук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык калдыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл топурагы тайганын ортоӊку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүӊкү горизонтундагы органикалык калдыктардын кыйла бөлүгү төмөн чөгүп кетет; тайганын түштүк бөлүгүнө жана жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак-күл топурагына күлдөшүү процессинен сырткары чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эӊ түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чымдашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди горизонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын о к е а н д ы к к л и м а т т у у аймактарына топурактын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көӊдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын түндүк-батышынын, Фарер жана Гебрид аралдарынын субарктикалык шалбаа жана сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы менен өзгөчөлөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл топурак Скандинавиянын жана Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ортоӊку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлеринде токойдун кычкыл күл топурагы менен айкалышып жатат. Бореалдык алкактагы интразоналык топурактардан төмөнкүлөр таралган: аллювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топурактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чымдак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шалбаанын астында чымдак-глей топурагы өөрчүгөн; чымкөӊ-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо катмары үстүӊкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоолордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чымдак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда жана Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоонун күл топурактары таралган. С у б б о р е а л д ы к а л к а к т а г ы океандык жана мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыштарындагы зоналык структурасындагы айырмачылык ого бетер күчөйт. М е л ү ү н к о н т и н е н т т и к к л и м а т т у у аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара жана каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада жана талаанын түндүк бөлүгүндө күлдөшкөн, жегичтүү жана накта кара топурак түзүлүп, ал өӊү кара, калыӊ чиринди горизонту, чириндиге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу иллювий горизонтунун болушу менен өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактарда аз жана орто чириндилүү кадимки жана түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чириндиси 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жайгашып, тыгыз келет. Молдавия жана ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуӊунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мергелдин жана акиташ тегинин үстүндө кадимки жана мицелярдык-карбонаттуу, аз жана орто чириндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди горизонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө тыгыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ойдуӊунун айрым жерлеринде каштан топурактары шортоӊ кыртыштар менен айкалышып жатат. Шортоӊ топурактар түпкү тектердин туздуу болушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуӊунун эӊ кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүктөрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коӊур топурактары кум массивдери менен айкалышып жатат. Суббореалдуу алкактын о к е а н д ы к к л и м а т т у у аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коӊур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонттор даана байкалбайт, коӊур түстөгү иллювий горизонту өтө калыӊ (анткени чополошуу жана карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине жана литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коӊур топурагынын жуулуу жана күлдөшүү деӊгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коӊур рендзиндер менен кезектешип жатат. Кыйла континенттик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токойдун коӊур топурагы көбүнчө жука калыӊдыктагы накта жана кадимки кара жана шалбаалуу кара топурактар менен алмашат; алардын негизги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө таралган. Ушул эле аймактардын оёӊ жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коӊур топурактары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорунда ал топурактардан башка тоонун күл топурагы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорулаган сайын тоо-шалбаа топурагы менен алмашат. С у б т р о п и к т и к а л к а к т а жайгашкан Түштүк Европага жана Крымдын түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун жана бадалдардын астында күрөӊ топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) жана бүт профили боюнча карбонаттуулугу менен өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма режимде болуп, карбонаттар кыйла тереӊдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын батышында жана Апеннин жарым аралынын түштүк-чыгышында жана башка жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоо тектердин үбөлөндү продуктулары) кеӊири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл рендзиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деӊиз аймагынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадалдуу формацияларынын астында бозомук-күрөӊ топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө тыгыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өӊү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөӊ топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коӊур топурагы менен алмашат. Европанын топурак-кыртышынын ичинен кара, токойдун коӊур жана боз, ошондой эле күрөӊ топурактары дыйканчылыкта кеӊири, тундра, жарым чөлдүн коӊур топурактары бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт. Европанын ө с ү м д ү к т ө р ү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосундагы байыркы жана азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына жана Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар жана түрлөр кездешет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу жана ийне-жазы жалбырактуу токойлорду жана алар менен байланыштуу бадалдуу жана чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүктөрү. Булардын ичинен эӊ кеӊири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эӊ аз таралганы – тундра жана чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, субарктикалык жана бореалдык кеӊдиктерде океандык климаттуу жана мелүүн континенттик аймактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла төмөнкү кеӊдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне жана жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жалбырактуу токой таралган. Ал токойлор субтропик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл жана дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү аралаш токойлор жана бадалдар менен алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактарда тайгадан түштүгүрөөктө жазы жана ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү жана түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл жана чөл менен алмашат (Крымдын түштүк жээгинде субтропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет). Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра менен тоонун ландшафттары жана фаунасы гана салыштырмалуу азыраак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен жана башка дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түштүгүндө жер ортолук деӊиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой биздин заманга чейин 5-кылымдан эле Грекияда кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк жана Ортоӊку Европанын башка жерлеринде да кеӊири кулач жайган. Токойдун туруктуу жок кылына башташы табигый биотоптун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына жана флорасына терс таасир тийгизген. А р к т и к а л ы к т у н д р а жана ч ө л ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эӊилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман жана башкалар) жана бадалдар (дриада, уюл талы жана башкалар) мүнөздүү. Арктикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Н а к т а т у н д р а континенттин түндүк жана Жаӊы Жер аралынын түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштырмалуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эӊилчектүү тундра (күрөӊ жана жашыл мамык чөптөр, эӊилчектерден ягель жана башкалар үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) жана жапалак бадалдар (жапалак кайыӊ, уюлдук жана тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландиянын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкакты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө т о к о й л у у т у н д р а г а өтөт; ага тундранын, саздардын жана жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайыӊ, кызыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эӊилчектүү жана бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайыӊ токою шалбаа жана саздар менен айкалышат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Т а й г а түштүктө болжол менен 57–58° түндүк кеӊдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь карагайы, көк карагайы жана кара карагайы, батышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зонанын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Нымдуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эӊилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайыӊ жана байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токоюнун түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайыӊ токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюква, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда жана Уралда тайга токою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт. Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлюлоза-кагаз, химия жана курулуш өнөр жайлары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаныбарларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён жана башкалар) аӊ ууланат, жапайы айбанаттардын жана куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереӊкур жана башкалар) эти даярдалат, табигый өсүмдүктөрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, четин, моюл жана башкалар) мөмөлөрү жана козу карын жыйналат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. Ж а з ы жана и й н е ж а л б ы р а к т у у а р а л а ш т о к о й тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин созулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Белоруссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш токой эӊ жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне жана жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада ж а з ы ж а л б ы р а к т у у т о к о й зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга жана аралаш токойго, түштүгүндө субтропикке (болжол менен 40° түндүк кеӊдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгышты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын түштүк чеги 53–54° түндүк кеӊдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эӊ кеӊири таралганы – эмен. К л и м а т ы о к е а н д ы к а й м а к т а р д а эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарыясына чейин жетет) жана башка түрлөрү нукура эмен токоюн же кайыӊ (Британ аралдарында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөӊсөөлөрдүн капталдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө нымдуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырактуу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу жана таштуу топурактарда (Франциянын түндүк-батышында, Британ аралында, Ортоӊку Европа түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү жана чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деӊиздин жээктеринде марштын шордошкон шалбаасы кеӊири таралган. Тоо арасындагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерлеринде шалбаалуу талаа кездешет. Чыгыш Европанын к л и м а т ы м е л ү ү н к о н т и н е н т т и к аймактарында каштан жана бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чыгыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү алкактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы жана ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына жана шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаасына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, түштүк аймактарында жүзүмзарды кеӊейтүү максатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарактардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбырактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отургузулган. Субальп жана альп шалбаалары жайкы жайыт катары кеӊири пайдаланылат. Европанын мелүүн континенттик климаттуу аймактарында жазы жалбырактуу токойдон түштүгүрөөк т о к о й л у у т а л а а созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (негизинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа менен айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгүрөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кылкандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган н а к т а т а л а а таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймактарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна к у р г а к (т ү ш т ү к) т а л а а мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаӊ өсөт. Европанын четки түштүк-чыгышын суйдаӊ шыбактуу жана баялыштуу жарым чөл жана чөл ээлейт. Кара жана каштан топурактуу талаа дээрлик бүт айдалып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кызылча, күн карама жана башкалар өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл жана чөл зоналары жайыт (негизинен кой жайыты) катары пайдаланылат. Европанын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө жана тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка байырлашкан к с е р о ф и л д и к д а й ы м а ж а ш ы л т о к о й жана б а д а л д а р таралган. Ал токойлордо таш, кермес жана тыгын эмендери, алеп, приморье жана италия кызыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мезгилинде толук куурап калат. Бадал формацияларынын ичинен эӊ кеӊири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); пальмитос (Европадагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней жарым аралынын түштүгүндө, Балеар аралында, Сицилияда); гарига (мында көбүнчө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней жарым аралынын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда жана башка эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, ошондой эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өскөн тикендүү бадалдардан жана катуу чөптөрдөн турат; Балкан жарым аралынын ички жана чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деӊиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой жана бадалдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкактары жайгашкан; алар эӊ бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп жана альп алкактарына өтөт. Жер Ортолук деӊиз аймагынын токой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдардын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кеткен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней жарым аралынын түштүк-чыгышында курма пальмасынын Европадагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. Европа Голарктика зоогеографиялык аймагына кирет. Европанын көп бөлүгү Европа-Сибирь, түндүк чети Арктика, Жер Ортолук деӊизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деӊиздик, Каспий бою ойдуӊу Борбордук Азия аймактарына таандык. Табигый ресурстарды кеӊири пайдалануунун натыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо жана башкалар) айбанаттардын түрлөрү жана таралышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алардын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра жана токойлуу тундрада ак түлкү, алагуш, ак жана тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деӊиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн жана башкалар кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, карышкыр, күрөӊ аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак жана сур коён; канаттуулардан – кара боор, кереӊкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булардан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа жана токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр жана туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чычкан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деӊиздик зонада – пиреней жана альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней жарым аралынын түштүк жагында маймылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз макака (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, карлыгач, чабалекей, көк шалкы, таранчы, көк сагызган, көк жору.
Антропологиялык курамы. Европада 44 өлкө жайгашкан. Анын калкынын жалпы саны 745 млн (2024). Европанын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Исландия, Нидерланд, Түндүк Германия, ошондой эле Эстония, Латвиянын калкын камтыйт), орто европалык (Батыш Европанын борбордук бөлүгүнүн, КМШнын Европа бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния жана Герцеговина, Македония, Хорватия, Словения, Сербия жана Черногория, Түндүк Грекия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деӊизден батышта, чыгышта жана түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деӊиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Франция, Түштүк Грекия, Жер Ортолук деӊиздин аралдары), ак деӊиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европалык бөлүгүнүн түндүгү бүт) жана уралдык (лопари, коми, мари, мордва, удмурт).
Этностук курамы. Европа элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран ошондой эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европаны мекендешип, чыгыш, батыш жана түштүк топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; батыш славяндарга поляктар жана кашубдар, чехтер, словактар, лужистер; түштүк славяндарга болгарлар, македондор, словендер, сербдер, хорваттар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна литвалыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер негизинен Борбордук жана Түндүк Европада жашашып, батыш жана түндүк топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцариялыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар жана лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар жана англ жана шотланд-ирланддар) элдер жана башкалар; Түндүк топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы эл – ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.
Европанын саясий бөлүнүшү
Таблицасы бар
- Азиялык бөлүгү менен бирге
Ад.: Ерамов Р. А. Западная Европа. М., 1960; Добрынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая география СССР. Общий обзор. Европейская часть СССР. Кавказ. М., 1969; Магидович И. П. История исследования Европы. М., 1970; Физическая география материков и океанов /Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Романова Е. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев. Ш. Керимова.