ЕВРЕЙ ТИЛИ
ЕВРЕ́Й ТИЛИ – 1) иврит – еврейлердин тили. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын аягында байыркы Палестинада пайда болгон. 1948-жылдан Израилдин мамлекеттик тили; 2) идиш – Европадагы еврейлердин тили. Ал ортоӊку жана жогорку немис диалектилеринин негизинде 12–13-кылымдарда пайда болгон.