ДҮЙШӨМБҮ
ДҮЙШӨМБҮ , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Тажикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар өрөөнүндө, Дүйшөмбү дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 750–930 м бийикте жайгашкан. 1920-жылы Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экономикалык жана маданий борбору. Калкы 1,2 млн (2022). 1 км2 жерге 5914,4 киши туура келет. Тажиктер – 89,5%, өзбектер – 6,7%, орустар – 2,6%, башка эл –1,2% түзөт. Темир жол тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаары-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш материалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) өнөр жайы, ИА, 8 ЖОЖ (анын ичинде Тажикстан, Славян, агрардык университеттери), медициналык институт, 6 театр (анын ичинде Тажикстан опера жана балет, драма театрлары), филармония, музейлер (тарыхый-мекен таануу жана сүрөт, Бехзад атындагы өнөр, этнография, С. Айни атындагы,

М. Турсун-заде атындагы адабият), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмалары сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» панносу менен кооздолгон), эстеликтер, басма үйү жана башкалар бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн билгизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган.