ДЮНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:21, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮНА́ – шамалдын таасиринен пайда болгон кум дөбөлөр. Чөлдөрдө, көл, деңиз, дарыя жээк­теринде жана башка жерлерде шамал учурган кумдун топ-топ болуп үйүлүшүнөн пайда болот. Бархан­дардан айырмасы тик капталдары томпок бо-

Сахара чөлүндөгү кум дөбөлөр (дюналар).

луп, мүйүз сымал жалдары арт жагында жай­гашат. Дюнанын бийиктиги 10–30 м, айрым учурда 100 мге чейин жетет. Алар өсүмдүк тамырлары менен кармалбагандыктан, жылына 1 мден 10 мге чейин (шамалдын багыты боюнча) жылат. Мын­дай кум дөбөлөрдүн жылышы бак-дарак отур­гузуу аркылуу токтотулат.