ДУНТИНХУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНТИНХУ́ – Кытайдын чыгышындагы көл. Цзянхань түздүгүндө, Янцзы дарыясынын оң жээгин­де. Аянты кышында 4–5 миң км2ден, жайында 10–12 миң км2ге чейин өзгөрүлөт, деңгээли 10–15 мге чейин көтөрүлөт. Көлгө Сянцзян, Юань­цзян, Лишуй, Цзышуй жана башка дарыялар куят, салаалары аркылуу Янцзы дарыясы менен туташып, анын агымын жөнгө салып турат; Янцзы таш­кындаганда анын агымынын 40–60% көлгө куят (жайында). Кеме жүрөт, балык кармалат, жээгинде шалы эгилет.