ДУДКО
ДУ́ДКО Фёдор Иванович [25 (башка кабарда 12.) 09. 1903, Россия империясы, Харьков губерниясы (азыркы Украина), Сумск (укр. Су́мська́) уезди, Тростянецк району, Гребениковка (башка маалыматтарда Дымовка) кыштагы] – 14. 10. 1981, Украина ССРи, Сумск облусу, Краснопольск району, Чернетчина кыштагы) – Даңк орденинин толук кавалери. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Токмок шаарына (Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу) эвакуацияланып, Советтик Армияга катарына Токмок (Чүй) шаардык аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы 11-ноябрда чакырылган.

2-Украин, 1-Белорус фронтторуна, Курск салгылашуусуна катышкан. Днепрден өтүүдө, Украина, Румыния, Польшаны бошотууда, Берлинди алууда баатырлык көрсөткөн. Шпаков (Украина) кыштагы үчүн болгон салгылашта душмандын танкалык 4 чабуулунун мизин кайтарышып, бир танкасын талкалаганы үчүн 08. 02. 1944-жылы 3-даражадагы (№ 68325), Скампе шаарынын (Чыгыш Померания) жанында 15 фашистти жок кылганы үчүн 15. 04. 1945) 2-даражадагы (№ 15834), Берлиндин жанында болгон урушта душмандын бир нече пулемётун жок кылып, бронетранспортёрун күйгүзүп жибергени үчүн 15. 05. 1945-жылы 1-даражадагы (№ 3111) Даңк ордендерине ээ болгон. Булардан тышкары 2- ж-а 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин Сумск облусундагы Грязненск кант заводунда эмгектенген.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.