ДРЕЙК КЫСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕЙК КЫСЫГЫ Оттуу Жер архипелагы менен Түштүк Шетленд аралынын аралыгында. Атлантика жана Тынч океандарын туташтырат. Узундугу 460 кмдей; Жер шарындагы эң жазы (1120 кмге че­йин) кысык. Тереңдиги 5249 мге чейин (эң тайыз жери 276 м). Катуу бороон көп болот. Түштүк бөлү­гүндө кышкысын муз тоңот. Жайында айсберг­дер кездешет. 1578-жылы кысык аркылуу өткөн англиялык деңиз саякатчысы Ф. Дрейктин ысмы­нан аталган.