БЛЕФАРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕФАРИ́Т (гр. blйpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, дайыма шамалдынтаасир этүүсү, алыстан ж-а жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй ж-а жара түрүндөгүсү бар. Жөнөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине ж-а кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча м-н сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.